• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адылбек Касымалиев расмий сапары менен Казакстанга барат

21 Бирдин айы 202517:28 Бишкек Govori.TV

24-25-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев төрага болуп дайындалгандан бери биринчи расмий сапары менен Казакстанга барат.

Адылбек Касымалиев расмий сапарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугуп эки тараптуу кызматташуу маселелерин кенен сүйлөшөт. 

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө «Казакстан Гарыш Сапары» Улуттук космос борбору, Казакстандын Санариптик өкмөтүнүн кеңсеси сыяктуу бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Количество просмотров: 220