• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адылбек Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри менен жолукту

6 Жалган куран 202510:16 Бишкек Govori.TV

Вьетнамдын Ханой шаарындагы Президенттик сарайда өлкөгө расмий сапар менен келген Кыргызстандыгн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушуусунун расмий аземи болуп өттү.

Эки өлкөнүн улуттук гимндери жаңырды. Өкмөт башчылары ардактуу кароолду кыдырып, бири-бирине расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушуунун алдында делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.

Количество просмотров: 129