• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Адыраңдаган атка минерлерди тартипке ким салат?

27 Аяк оона 2018 21:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV

Эл өкүлдөрү өзүнүн кылган иштери менен эле эмес, жүрүм -туруму, кийген кийимине чейин коомго үлгү болуш керек. Бирок акыркы кездерде  бийликтегилердин кылык-жоруктары, каалагандай четтен чыккан окуялары коомдун талкуусуна алынууда. Дегеле кызматтык этика нормалары сакталышы керекби?

Зууракан Каденованын чырынан кийин мамлекеттик кызматкерлердин этикасына көңүл буруп, учурда мамлекеттик кызматкерлердин кадамдары катуу көзөмөлгө алынууда. Этиканы бузган Зууракан Каденова өзү тууралуу айтылган соңку маалыматтын баарын четке кагып, ал Сеулдан ден соолугуна байланыштуу даары ичкенин, мас эместигин айткан.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Зууракан Каденованын мас экенин ачыктады. Ал ортодо дипломаттык паспорттор Тышкы иштер министрлиги тарабынан каалагандай берилип жатканын жана айрым элчиликтердеги коррупциялар тууралуу элчи ачык айткан. Учурда алардын ортосунда ич ара тирешүү болуп, УКМК тарабынан текшерүү  башталды.

Кече өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлерди жөнөкөй журтка үлгү экенин эскертип, этиканы сактоого чакырды.  Бийликтеги кызматкерлердин сынга калганын жана каалагандай ээн эркин жүргөнү айрым эл өкүлдөрүн кыжырлантты.

Количество просмотров: 44