• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Аэропорт жолунда унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды

8 Жетинин айы 2023 14:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда унаа жарыш уюштурган 12 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында автобейбаштык жасаган жана кызматкерди сүзүп кете жаздаган унаанын айдоочусу дагы бар.

«Алардын ар бирине 15 миң сомдон айып салуу менен унаасы айып короо жайына киргизилди. Ал эми айдоочулар андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн тергөө кызматтарына жеткирилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү аталган жолдо унаа жарыш уюштурулуп, БМВ” үлгүсүндөгү унаа жарышка түшүп жаткан жеринен кармалган. Анын айдоочусуна карата мыйзамга ылайык, протокол түзүлүп, ал эми унаа айып короо жайына киргизилген. Калган жол эрежесин бузууга аракет кылган унаалардын баары изделип жатканы айтылган.

Количество просмотров: 241