• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖКнын экс-депутаты Аккулу Бердиев кармалды

11 Үчтүн айы 202617:04 Бишкек Govori.TV

Экс-депутат Аккулу Бердиев ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.

«2022-жылы жаран Б.А.Т. алдоо жолу менен акча каражаттарын алып, каражаттарды жеке максаттарына жумшаганы аныкталган. Шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалды. Мындан тышкары, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралууда»,-деп жазылат маалыматта.

Тергөө иш-чаралары уланууда.

Эске салсак, буга чейин Аккулу Бердиевдин мурдагы жубайы зомбулук көрүп жатканын айтып, УКМК башчысына кайрылган видеосу тараган. Батма Ормонова мурдагы күйөөсү анын үстүнө 10 аял алган деп, учурда жашап жаткан үйүнөн кууп жатканын билдирген.

Количество просмотров: 364