• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Аэропортто ок чыгарган тажик жараны ооруканада каза болду

4 Теке 2023 16:54 Бишкек Govori.TV

Кишинёв аэропортунда коопсуздук кызматынын жана чек ара полициясынын өкүлдөрүн атып өлүргөн Тажикстандын жараны Рустам Ашуров колго түшүрүү учурунда алган жараатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Молдованын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Кишинёв эл аралык аэропортунда ок атылган окуя 30-июнда болгон. Түркиядан учуп барган тажик жаранына өлкөгө кирүүгө уруксат берилген эмес. Аны кайра Түркияга уча турган учакка отургузуу үчүн алып баратканда ал чек арачынын тапанчасын жулуп алып, аны атып жиберген. Андан соң аэропорттун коопсуздук кызматынын өкүлүн өлтүрүп, дагы бир жүргүнчүнү жарадар кылган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Рустам Ашуров уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, Ашуров ага каршы Душанбеде дайынсыз жоголгон банкирдин уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгондон кийин Молдовага качып кеткен.

Алгач ок аткан адамга каршы Молдовада «Террордук акты» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин ал «Адам өлтүрүү» беренесине алмаштырылган.

Количество просмотров: 199