• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Манас” аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

10 Чын куран 202512:52 Бишкек Govori.TV


“Манас” эл аралык аэрпортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Асхат Алакөзөв билдирди.

Анын атымында ремонт иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгат. 

Муну менен биринчиден учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, ага учактардын жумшак конуусуна шарт түзүлөт. 

Экинчиден ремонт иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги бере турган эң заманбап жарыктандыргычтар орнотулат. 

Бул өз кезегинде учурда аба-ырайынын начарлоосунан учактар коно албай калган учурларды дээрлик жокко чыгарат. 

Мисалы, азыркыдай бир аз туман түшсө башка аэрпортко кетирүү маселеси жаралбайт. 

Кыскасын айтканда, аэропортубуздун учуп-конуу тилкеси эң жогорку талаптагы технологиялык жабдыктар менен жабдылып,  замандын талабына шайкеш келет. 

Ушундай эле жумуштар кийинки жылы “Ош” эл аралык аэропортунда жасалмакчы. Баса белгилей кетчү жагдай бул курулуш иштерин каржылоо “Манас” ААК өздөрү тапкан каражаттарынын эсебинен жүрүүдө. 

Количество просмотров: 314