• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

 Аэропортто ок чыгарган жарандын сөөгү Молдовада жерге берилиши мүмкүн

6 Теке 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Кишинёв аэропортунда эки офицерди атып өлтүргөн Тажикстан ИИМинин мурдагы кызматкери Рустам Ашуровдун сөөгү Молдовадагы көрүстөндөрдүн бирине коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Молдованын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Эмил Гайтурга шилтеме кылып кабарлады.

Ашуров колго түшүрүү учурунда жарадар болуп, апта башында эс-учуна келбестен ооруканада каза болгон.

Гайтурдун айтымында, Рустам Ашуровдун жакындары анын сөөгүн Тажикстанга жөнөтүү өтүнүчү менен кайрыла элек. «Эгер туугандарынан мындай кайрылуу болбосо, анда анын сөөгү Молдовада жерге берилет», – деди Гайтур.

Кишинёв эл аралык аэропортунда ок атылган окуя 30-июнда болгон. Түркиядан учуп барган тажик жаранына өлкөгө кирүүгө уруксат берилген эмес. Аны кайра Түркияга уча турган учакка отургузуу үчүн алып баратканда ал чек арачынын тапанчасын жулуп алып, аны атып жиберген. Андан соң аэропорттун коопсуздук кызматынын өкүлүн өлтүрүп, дагы бир жүргүнчүнү жарадар кылган. Колго түшүрүү маалында ал көптөгөн жаркаттарды алган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Рустам Ашуров уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, Ашуров ага каршы Душанбеде дайынсыз жоголгон банкирдин уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгондон кийин Молдовага качып кеткен.

Алгач Ашуровго каршы Молдовада «Террордук акты» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин ал «Адам өлтүрүү» беренесине алмаштырылган.

Количество просмотров: 90