• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жогорку сот: Айеркен Саймаитиге жасалма паспорт берген кызматкер акталган эмес

28 Чын куран 2020 17:03 Бишкек Govori.TV

«Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жасап берди деп шек саналган кызматкер акталды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 28-апрелде Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү, 330-беренесинин 1-бөлүгү жана 359-беренесинин 1-2-бөлүктөрү менен айыпталуучу А.А.К. жөнүндөгү жазык ишин Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту карап, 2019-жылдын 22-ноябрындагы токтому менен 62-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу А.А.К. жазык жоопкерчилигинен бошотулуп, жазык иш өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми өз учурунда Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 31-декабрындагы аныктамасы менен биринчи инстанция сотунун А.А.К. жөнүндөгү токтому өзгөртүүсүз калтырылган. Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүмдүн улук прокурору Жогорку Сотко биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун соттук актыларын жокко чыгарып, А.А.К.га карата угузулган айып боюнча жаза белгилөөнү сураган. Жогорку Сот аталган ишти карап, биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун соттук актыларын күчүндө калтырган. Андыктан Жогорку Сот айыпталуучу А.А.К.ны актады деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Ички иштер министрлиги эл аралык издөөдө жүргөн Саймаити Кыргызстандан Самятов Эркин Салимович деп жазылган паспортторду колдонуп жүргөнүн аныктаган. 2019-жылы июлда ИИМ «Паспортту мыйзамсыз берүү» фактысы боюнча иликтөө иштерин баштап, Сузак райондук Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине А.А.К. айып койгон.

Количество просмотров: 98