• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аэропорттон Өзбекстандын 4 жараны контрабандалык алтын буюмдар менен кармалды

22 Жалган куран 2022 14:52 Бишкек Govori.TV

“Ош” аэропортунда Өзбекстандын төрт жараны 2 кг жакын контрабандалык алтын буюмдары менен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички штер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 19-мартта саат 19:30дар чамасында Ош облустук милиция кызматкерлери “Түштүк” бажычылары менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында алтын буюмдарды контрабандалык жол менен алып бара жаткан төрт жаран кармалган.

Аталган жагдай маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу тарабынан материалдар топтолгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын төрт жаранынан алтын буюмдар табылган. 51 жаштагы М.Л. аттуу жарандан салмагы 500 граммды түзгөн ак алтындан жасалган зергер жасалгалар (эки даана билерик, бир даана шакек жана бир даана моюнга тагуучу чынжырча), 51 жаштагы М.Т. аттуу жарандан (аял киши) салмагы 430 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар (эки даана шакек, бир даана билерик, бир даана моюнга тагуучу чынжырча), 27 жаштагы Н.Н. аттуу жарандан салмагы 504 граммды түзгөн алтындан жасалган зергер жасалгалар (бир даана шакек, эки даана билерик, бир даана моюнга тагуучу чынжырча) жана 23 жаштагы М.Н. аттуу жарандан салмагы 508 граммдан турган алтындан жасалган зергер жасалгалар (эки даана шакек, эки даана билерик жана бир даана моюнга тагынуучу чынжырча) алынган.

Алар баары 1 кг 972 грамм алтындан жасалган зергер жасалгаларды тагынып өтүп бара жатышкан жеринен, “Ош” эл аралык аэропортунда кармалышкан.

Бүгүнкү күндө аталган жарандардын көрсөтүлгөн алтын буюмдарын алган жерин жана эмне максатта алып бара жатышкандыгын аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 184