• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Афганистандан жалпы 36 кыргыз жараны эвакуацияланды

26 Баш оона 2021 10:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги КР жарандарын Афганистандын аймагынан эвакуациялоо боюнча аткарып жаткан жумушу тууралуу маалымат таратты.

ТИМдин маалыматына ылайык, Афганистандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу, КР ТИМинин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында Кыргызстандын жарандарын Афганистандан эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда.

Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында, россиялык тараптын көмөгү менен атайын авиабортту уюштуруунун натыйжасында 2021-жылдын 25-августунда Афганистандан 10 кыргызстандык, алардын ичинде жашы жете элек балдар «Кабул-Кант» каттамы боюнча алынып келинди.

Ошону менен, 2021-жылдын 25-августуна карата Афганистандан КРнын 36 жараны эвакуацияланды.

Количество просмотров: 87