• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Баткенде Афганистандын жараны өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды (видео)

13 Кулжа 202215:02 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Афганистандан чыккан баңгизаттарды жеткирүү каналын уюштурууга тиешеси бар Афганистандын жараны 1980-жылы туулган М.И.К. кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, шектүүдөн афган тектүү баңгизаттар өзгөчө ири өлчөмдө табылып алынган: 6 кг. 942 гр. “героин” жана 9 кг. 550 гр. “гашиш”.

Кармалган адам бул баңгизаттарды Россияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө ташуу жана сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүнү пландаштырган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Кармалган адам Баткен облусунун Кадамжай райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын өздүгүн тактоодо деструктивдүү диний агымды жактаган адам экендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 796