• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эки баланы авариядан сактап калган инспектор ооруканада

3 Тогуздун айы 2018 18:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.10.2018.Govori.TV

Бишкекте Мектеп окуучуларынын өмүрун сактайм деп, өз өмүрүн тобокелге салган Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын инспектору Марат Султаналиевдин бүгүнкү абалын билүү максатында барганыбызда ал интервью берүүдөн баш тартты.

Ал эми инспектордун апасы баласынын маанайы жок экенин айтып камерага тарттырууга макулдук берген жок. Ошондой эле 10 метр жерге чейин учуп кеткен баласынын аман калганына шугур кылып отурганын айтты. Ал эми Султаналиевдин  үй-бүлөсү  айрым маалымат булактарынын  туура эмес пикир таратканына нааразы

 Даарыгерлер болсо Марат Султаналиевдин ден соолугу  баштагыдан кичине турукташып калганын айтышат.

Эске салсак, аталган окуя 1-октябрда болгон. Жабыркаган инспектордун шеригинин айтымында, милициянын старшинасы Султаналиев атайын сызыктан өтүп бараткан окуучуларга жардамдашуу максатында жолго чыккан. Бирок  учурда ылдам келаткан «Мерседес бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус аны коюп алган.  Инспектор окуя болгон жерден 10 метрдей учуп кеткен. Ал эми кичи автобустун маңдайкы айнегине жарака кеткени белгилүү болду. Учурда Айдоочу кармалып, автоунаа айып токтотмого киргизилген.

Количество просмотров: 20