Бишкек 17.01.2018 Govori.TV
ЖКнын мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков жана жубайы Аида Токтоматова, саясатчы Феликс Куловдун жубайы Фатима Абдрасуловалар “Ала-Арча” VIP-шаарчасынын имаратын ээлеп алды. Бул тууралуу шаарчанын жашоочусу Евгения Кухта 24.kg сайтына билдирген.
Анын айтымында, шаарчаны башкармалыгы эки жылда бир шайланып, бул башкармалык шаардын өнүгүүсүнө жооп берет. Акыркы шайланган башкармалык, шаарчанын директоруна иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей, баардык каржылык милдеттерди өзүнө алып алган. Бирок, бул жыл аралыгында Социалдык фондго төлөмдөрдү өз убагында төкпөгөнү үчүн финансы полициясы 2,5 миллион сом айып салган.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Ахмат Келдибековдун жансакчылары башкармалыктын имаратын курчап алып, эч кимди киргизбей жатат.
https://www.youtube.com/watch?v=2VAQcgqGm2g