• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Муромский көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

17 Чын куран 202616:11 Бишкек Govori.TV

18-апрелден тартып Бишкекте Муромский көчөсүнүн Б. Алыкулов көчөсүнөн Кипкалов көчөсүнө чейинки бөлүгү жолду реабилитациялоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда канализация жана суу түтүктөрүн оңдоо, жолго эки катмар асфальт төшөө, ошондой эле ирригациялык системаны куруу иштери жүргүзүлөт.

Жолдун туурасы 14 метрди түзүп, эки тарабында 3 метрден тротуар салынат.

Буга байланыштуу № 23, 18, 135 жана 161-каттамдардын кыймыл чиймеси да өзгөртүлөт. Аталган каттамдар убактылуу башка жолдор аркылуу каттайт.

Количество просмотров: 142