• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

12 Кулжа 202615:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Дордой» базарынын аймагында жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабы башталат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу 16-июндан тартып Элебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Оңдоо иштери жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу, унаа тыгындарын азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Количество просмотров: 16