• Шаршемби 8 Теке 2026
  • Среда 8 Июль 2026

АИ-95 бензинине бааларды мамлекеттик жөнгө салуу токтотулду

8 Теке 202611:26 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана улуттук экономиканын субъекттерин мамлекеттик колдоо максатында күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизди.

Токтомго ылайык, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

  • Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизилип, социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен Аи-95 үлгүсүндөгү бензин алынып салынды.
  • Ошондой эле министрлер кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 5-пунктунун 2-пунктчасынан «максималдуу чекене бааларды белгилөө менен» деген сөздөр алынды.

Бул чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 37