• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аида Касымалиева Ош шаарында тажы илдетине чалдыккан дарыгерлердин абалы тууралуу айтты

12 Чын куран 2020 21:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Ош шаарында коронавируска чалдыккан дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алардан кабар алды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Абалдары күндөн күнгө начарлап, баары эле кошумча дем алдыруучу аппаратта. Кан аралаш жөтөлгөндөр, сүйлөй албай калгандары бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да, аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. Ыйлагың келет! «Бизди акчасы да, эч нерсеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды, аброюбузду коргоп бергиле!» — деп ыйлашты. Баары эле өмүр бою иштеген дарыгерлер», — деп жазган Касымалиева.

Мындан тышкары, Касымалиева Саламаттыкты сактоо министрлигин азыркы кырдаалда дыкаттык менен иштеп берүүсүн суранган.

«Биринчи күндөрү жетекчилик аларды умрадан келгендерден анализ алууга жөнөткөн, ал жерде атайын форма менен болгон күндө да, кийин ординатордук бөлүмдө чогуу тамактанып, маршруткаларда чогуу жүрүшөт. Алар азыр өлүм менен күрөшүп жатканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин «алар ажы тойго барган» деген маалыматты тараткан аткаминерлери жазасын алууга тийиш . Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралат. Расмий түрдө өкмөткө, штабка да кат менен кайрылдым. Компенсация төлөбөй коюу максатында да дарыгерлердин өздөрүн күнөөлөп жатышат деп кайрылгандар бар. Бизди «унчукпагыла деп, кысым жасап жатышат» деген дарыгерлер канча. Урматтуу Саламаттыкты сактоо министрлиги, ушундай оор кырдаалда так иштеңиздер! Бул маалыматтар иликтенбей калбайт. Азыр 63 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Алар боюнча так маалымат жок. Мен тактай алган дарыгерлер менен баарлаштым», — деп кошумчалаган Касымалиева.

Количество просмотров: 375