• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттар Болот Ибраимовго каршы чыгышты

12 Бугу 202513:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутаттар Болот Ибрагимовду («Эл Үмүтү») шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кызматынан талкуусуз чакыртып алуу чечимин кабыл алышты. «Макул» деп 43 депутат добуш берди.

Болот Ибрагимов бул кызматка 2024-жылдын 2-декабрында шайланган.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин айтымында, Болот Ибрагимовду ээлеген кызматынан чакыртып алуу боюнча «Эмгек» фракциясынан расмий кат келип түшкөн.

Анын айтымында, маселе депутаттардын 1/3 добушу менен же фракциянын демилгеси менен депутаттар арасында жашыруун добуш берүү жолу менен чечилиши мүмкүн.

Болот Ибрагимов «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү. Маселени кароодо Аскар Алмаз уулу сөз алып кесиптештерине кайрылды.

«Сиздер биздин фракция силерди мыйзамдуулукка чакырганына, КРнын мыйзамдарын аткарууга чакыргандыгы үчүн таарындыңыздар. Биз депутат болсок да эч качан жарандарыбыздан жогору эмес экендигибизди айткым келет. Мыйзам бардыгы үчүн бирдей», — деди ал.

Количество просмотров: 334