• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Аида Касымалиевадан коронавирус аныкталган жок

28 Жалган куран 2020 14:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 14 күндүк карантинден кийин коронавируска анализ тапшырды.

Ал социалдык тармактагы баракчасына: «Экинчи жыйынтыктоочу анализим да таза чыкты. Коронавирус жок. 14 күн үй карантини да бүгүн соңуна чыкты», — деп жазды.

А.Касымалиева 13-мартта Германиядан Бишкек шаарына учуп келген. Германияга иш сапары менен барган депутат парламенттин иши менен таанышмак. Ал жана кесиптештери Кыргызстанга кайтып келгенден кийин үй карантинге алынган болчу.

Количество просмотров: 252