• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат ар бир жаранды наркотикке текшерүү керектигин айтты

20 Кулжа 202512:27 Бишкек Govori.TV

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев синтетикалык баңгизатты колдонгон жарандардын саны көбөйүп жатканына кабатыр болуп жатканын айтты.

20-июнда Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында ал буга чейин кейиштүү абал ири шаарларда байкалса, азыр аймактарда синтетикалык каражаттарды колдонгондор көп экенин билдирди. Депутаттын айтымында ар бир жаранды анын ичинде мамлекеттик кызматкерерди да ал затка карыш текшерүү керек.

Ал эми Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Россия менен бирге мектептерде синтетикалык баңгизатты аныктай турчу долбоор даярдалып жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министри окуучуларды, студенттерди же жарандардын бардыгын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү мүмкүн эмес экенин айтып, бирок саркынды суу аркылуу (канализациядан) синтетикалык баңгизаттын калдыктарын аныктаса болорун белгилеген.

Количество просмотров: 326