“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Аида Мамбетиминова.
Бишкек шаарынын тургуну Аида айым «Дени сак эне – дени сак улут” аталышындагы спорттук иш-чараларды уюштуруп келет.
«Өзүмдүн жан дүйнөмө спорт жакын болгондуктан Бишкек шаарына же өзүм туулуп өскөн Ат-Башы районуна спорт мектебин ачып, элди спортко үндөгүм келет»,-деди Мамбетиминова.