• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шаймергенова: Аялдар саламаттыгына көңүл бурса…

27 Үчтүн айы 202411:42 Бишкек Govori.TV

25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири 43 жаштагы Кымбат Шаймергенова.

«Ысык-Көл облусуна караштуу Теплоключенка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутатымын. Ошондой эле Ак-Суу райондук Жалпы дарыгерлер практика борборунда алдын-алуу иштерин жүргүзөм. Азыркы учурда эмчек безинин залалдуу шишигине кабылган келиндердин саны көбөйдү. Аялдар саламаттыгына көңүл бурса дейм»,-деди ал.

Количество просмотров: 133