25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Раиса Самалбекова 33 жашта.
«Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы Ч. Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүндө балдарга англис тилинен сабак берем. Акыркы мезгилде аялдарга карата зордук-зомбулук көбөйдү. Мындай көрүнүштөргө кайдыгер карап отура албайм. Ушул жаатта коомго салым кошуп, жабыркагандарга көмөк көрсөткүм келет»,-деди ал.