• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Аида Нуракова: Бакытым да, байлыгым да Кыргызстан

16 Жетинин айы 2020 10:47 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Аида Нуракова.

Чүй облусунун Москва районунан келген Аида айым кесиби боюнча мугалим, 3 баланын апасы.

«Коомдо болуп жаткан ар бир көйгөй менин да жүрөгүмдү өйүтпөй койбойт. Алардын ичинен көп ойлондурган маселе мигранттардын балдарынын абалы. Ошондой эле үй- бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча иш барууну каалайм»,-деди Нуракова.

Количество просмотров: 168