6 жылдан бери өз ишин улантып келе жаткан “Кыйын” долбоорунун тренингинен 300дөй айым өзүнүн лидерлик сапаттарын калыптандырып, тажрыйба топтошту.
“Кыйынга” катышкан айымдар алган билимин өз ишинде колдонуп, дагы да арбын жетишкендиктерге жетишип жатканы талашсыз.
Алардын катарында Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Нурайым Атаканова бар.
Айымыбыз мамлекеттик кызматкер катары өз ишин так аткарып келет. Ал эми “Кыйын” ага эркиндик берген.
“Кыйын” долбоорунун дагы бир катышуучусу Ош шаарынын «Ардактуу Атуулу», Ош шаарынын эки жолку чакырылыштын депутатты, Кыргызстан Аялдар Демократиялык Тармагынын негиздөөчүлөрүнүн бири Гульсана Эсенбаева тренинг заман талабына жараша жаңы билимдерди берип жаткынканын өзгөчө белгилейт.
“Кыйын” айымдардын саясий дараметин гана калыптандырууга багытталбастан, коомдогу ролун арттыруу, өзүнө болгон ишенимин күчөтүү багытында да иш алып барат.
Долбоордун айымдарга көрсөтүп жаткан көмөгүн жогору баалаган дагы бир “кыйын” айым Нуржамал Ганыева ар тараптан өнүккөн адис. Ал “Кыйын” долбоору максатына жетүүдөгү жолдо тажрыйба топтоого жардам бергенин айтат.
Үч күндүн окутуу тренингдеринен аймактардан келген айымдарга маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, медиа менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, жасалма интеллектти өз брендин өстүрүүдө колдонуу, заман талабы болгон блогерлик тармагы жѳнүндѳ окуулар өтүлүп келет. Тренингге жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, дарыгер, жарандык активист, жеке ишкер жана башка өз тармагынын мыктылары катышып келет.