• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кыйын» өлкөнүн түштүк аймагындагы лидер айымдарды чогултту

10 Чын куран 202612:25 Бишкек Govori.TV

10-11-12-апрель күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында 16-окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат.

Бул жолу «Кыйын» Ош шаарында өтүп Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын булуң-бурчунан келген 20 айым катышууда.

Тренингге келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, оратордук чеберчилик, медиа менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, текстти туура жазуу жана эл алдында тартынбай сүйлөө, камера алдында иштөө, блогерлик жѳнүндѳ маалымат берилет.

Бул жолу тренингди “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин социалдык илимдер факультетинин “Реклама жана коом менен байланыш” кафедрасынын башчысы, “ Медиа Карьера” оратордук өнөр мектебинин негиздөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Кабатай кызы, аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү боюнча «Демилгелүү айымдар» коалициясынын төрайымы, КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин мүчөсү, Кыргызстандын агробизнесмендер ассоциациясы «Жер Азыгы» – аткаруучу директору Азиза Юлдашева, эко-активист, медиа эксперт, тренер Исмаил Карыпов, алып баруучу, T-Media медиа уюмунун негиздөөчүсү Данияр Садиев жана башка өз тармагындагы адистер өткөрүшүүдө.

Бул жолку тренингдин өзгөчөлүгү долбоордун буга чейинки катышуучуларынын келип, «Кыйын» долбоорунан кийин кандай ийгиликтерге жетишкендиги менен бөлүшкөнү болду.

Алардын катарында Ош шаарынын «Ардактуу Атуулу», Ош шаарынын эки жолку чакырылыштын депутатты, Кыргызстан Аялдар Демократиялык Тармагынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана Ош облусунун координатору Гульсана Эсенбаева, Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Нурайым Атаканова, юрист, журналист, «Ойло» негиздөөчүсү Нуржамал Ганыева бар.

Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Количество просмотров: 401