Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Бекболотов берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Ведомстводон билдиришкендей, айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун сунушу менен Шаменов Айбек Асанович суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүу тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Кошумчалай кетсек, Айбек Шаменов буга чейин президенттин Баткен облусундагы өкүлү болчу. Ал 3-мартта кызматынан бошотулган.