• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы өкүлү болду

24 Бештин айы 202411:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Шаменов Айбек Асанович президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Шаменов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору кызматын ээлеген.

Количество просмотров: 134