Мэр Айбек Жунушалиев «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде «Көк-Жар»конушундагы курулуштардын бузулушу боюнча комментарий берди.
Мэрдин айтымында, буга чейин Бишкекте 21 миңден ашуун үй-бүлө жер мунапыстын алкагында «кызыл китептерди» алышкан. Легалдаштыруу үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 1-июлда аяктаган. Акыркы үч күндө 6 миңге жакын арыз түшкөн.
Мэр 2021-жылдын аягына чейин курулган үйлөргө мунапыс берилерин эскертти. 2021-жылдан кийин курулган айыл чарба багытындагы жерлерге тургузулган үйлөр, ошондой эле турак эмес объекттер мунапыска жатпайт, демек, бузулат.
«Биз жарандарга өз ыктыяры менен участокторду максатына ылайык келтирүүсүн айтып жатабыз. Ал эми бул участоктор-Айыл чарба багытындагы жерлер. Буга чейин тургундар менен жолугуп, 2021-жылдан кийин курулган объекттер мыйзамсыз деп эсептелгенин, мунапыска кирбей турганын эскерткен. Ошондой эле турак эмес объекттерге мунапыс берилбейт. Бишкектин башкы планы иштелип жатат, ал 2026- жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт. Бул документ бекитилгенден кийин, кийинки кадамдар жасалат. Ага чейин мындай участокторду курууга тыюу салынган», — деди мэр.
Мэр Бишкекте дагы башка көйгөйлүү жерлер бар экенин кошумчалады. Акыркы алты айда мэрия тарабынан 6314 мыйзамсыз объект бузулган.
Ал жарандарды этият болууга, мыйзамдын талаптарын сактоого жана кандайдыр бир жол менен өз объектилерин мыйзамдаштырам деп үмүттөнбөөгө чакырды.