• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айдаралиева: Баардык жөлөк пулдар жашоо минимумунун суммасына тең болуусу керек

19 Бирдин айы 2023 13:23 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Таалайкүл Айдаралиева, ал көп балалуу үй бүлөлөргө жардам берүү боюнча фонддун директору.

«Биз көп балалуу жана ошондой эле жалгыз бой энелердин укутарын коргоого багыттылган иштерди жасайбыз. Азыркы учурда биз жөлөк пул маселесин кабыргасынан коюп жатабыз. Анын суммасы азыркы күндө 1200 сомду түзөт. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 44 беренени алмаштуу керек деп жатканы бул көптөгөн энелердин, балдарды жана пенсионерлердин укутарын бузат. Анткени бул беренеде мамлекет тарабынан берилген жөлөк пулдар, пенсиялар жашоо минимумунан ылдый болбоосу керек экени жазылган. Азыркы күндө жашоо минимуму 6300 сом. Дегеним баардык жөлөк пулдар ушул суммага тең келүүсү керек», — деди ал.

Количество просмотров: 168