• Шейшемби 7 Теке 2026
  • Вторник 7 Июль 2026

«Дем берди». Кыйын айымдардын башын бириктирген тренингден кийинки пикир

7 Теке 202617:15 Бишкек Govori.TV

2-3-4-июль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында 17-окутуу иш-чарасын өттү.

Бул жолу «Кыйын» Ысык-Көл жана Нарын облустарынын булуң-бурчунан келген 20 айым катышты. Алардын катарында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, оратордук чеберчилик, медиа менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, текстти туура жазуу жана эл алдында тартынбай сүйлөө, камера алдында иштөө, блогерлик жѳнүндѳ маалымат берилет.

Бул жолу тренингде Ошондой эле “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин социалдык илимдер факультетинин “Реклама жана коом менен байланыш” кафедрасынын башчысы, “ Медиа Карьера” оратордук өнөр мектебинин негиздөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Кабатай кызы, көз карандысыз журналист, медиа эксперт, «Башта» медиа долбоорунун автору жана өкүлү, видео өндүрүшү боюнча эл аралык тренер Азат Рузиев, «Karakol Today» шаардык медиа-долбоорунун негиздөөчүсү жана жетекчиси, блогер, туризм жана меймандостук чөйрөсүндөгү ишкер Айсулуу Кадыр айымдар менен өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, баарлашты.

Ал эми айымдар «Кыйын» тренингинен кийинки пикирлери менен бөлүшүштү.

Количество просмотров: 13