Май айында чет өлкөдө калган дагы бир миңдей кыргызстандыкты алып келүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
«Катардан — 36, Кувейттен — 105, Ирандан — 16, Франкфурт-на-Майне шаарынан — 36, Стамбул шаарынан — 349, Москва шаарынан — 402, Түштүк Кореядан — 35, Япониядан — 30, Белоруссиядан — 37 мекендешибизди алып келебиз», — деди Айдарбеков.