• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айдарбековдун өкүлү президентке кайрылды

6 Чын куран 202612:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттыгына №21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбеков БШК аракетине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Айдарбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Курсанбековдун атынан жазылган кайрылуу социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда БШК мандат берүүнү дээрлик бир ай кечиктирип жатканы, мекеменин аракети же аракетсиздиги талапкердин жана ага добуш берген 6259 шайлоочунун укугун бузары белгиленген.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке №21 шайлоо округунан келген депутат Куванычбек Конгантиев 10-мартта мандатын тапшырган. Бирок анын мандаты азыркыга чейин бошк калууда. БШК №21 округ боюнча мандат берилбей келатканын Ички иштер министрлигинен суралган маалыматтын кечигип жатканы менен түшүндүрүүдө.

Количество просмотров: 134