• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Айдарбековдун төрагалыктан кетүүсү тууралуу депутаттардын пикири

19 Тогуздун айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

Өткөн аптада кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин чечимин жыйынга катышкан 10 депутаттын алтоо колдоп төртөө каршы добуш берген. Ал эми аталган комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кол коюудан аш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрүп, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү ийне-жибине чейин билбей туруп же документтерди көрбөй, чечимге кол коюу туура эмес экенин айткан.

Комитеттин чечими бир жаңсыл болуп чечилбей жаткандыктан, аны төрагалыктан алуу аракети болуп жатканы да айтылып жатат.

Ал эми бул тууралуу депутаттардын пикирин билип көрдүк:

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.

Количество просмотров: 169