• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Айдаркен сымап комбинатынын кызматкерлери иш таштады

15 Бугу 2019 15:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

13-май күнү Айдаркен сымап комбинатынын кызматкерлери мөөнөтсүз иш таштоо акциясын жарыялашкан. Бул туурасында Тоо-кен жана металлургиялык биримдигинин борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Таджибаев маалымат таратты.

Анын айтымында, Кыргызстанда бир топ жылдан бери Глобалдык экологиялык фондунун долбоору иштеп келет. Фонд болсо сымапты кайра иштетүүгө таптакыр тыю салууну көздөгөн Минамата конвенциясына Кыргызстанды киргизүүгө үндөйт.

Эльдар Таджибаев кошумчалагандай, 2017-жылы комбинатка жаңы инвестор келип, сымап,сурма жана турмалин өндүрушүн жолго койгон. Учурда 400 кызматкер иштеп жатат, келечекте 600гө жеткирүү планы бар. Комбинат болсо айлык акы жана салыкты кечиктирбей өз учурунда төлөп келет. Алдына өндүрүштү кеңейтүү турат. Бирок айрым аткаминерлер жана депутаттар Минамата конвенциясына кирүүнү колдоп жатышыптыр.

Комбинаттын кызматкерлери болсо өлкөнүн жогорку жетекчилигине жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына мекемени жабууга жол бербөөнү өтүнгөн өтүнүч менен кайрылышууда. Отуруп иш таштоо, өндүрүшкө залакасын тийгизген жок. Иш болсо штаттык тартипте жүруп жатат. Акцияга болсо эс алуудагы бош кызматкерлер катышып жатышат. Иш таштоо болсо мөөнөтсүз.

Количество просмотров: 26