• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Айдоочу мас болгон. Маевкада жөө адамдарды машина коюп кетти

6 Теке 2023 14:03 Бишкек Govori.TV

Маевка айылында эки жөө адамды машина коюп кетти. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Кырсык кечээ катталган. Алдын ала маалымат боюнча, Mercedes автоунаасынын айдоочусу мас абалында болгон. Кырсыктын кесепетинен каза болгондор бар.

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 5-июлда болжол менен саат 22:00до Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Маевкада жол унаа кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Маевка айылында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу мас абалда унаа башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылгандыгы аныкталган. Жол кырсыгынын кесепетинен көз жумгандар бар. Азыркы учурда, бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 117