• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир аптада мас абалында унаа башкарган 560 айдоочу кармалды

6 Чын куран 202613:26 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолдорунда масштабдуу профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.

Мекемеден билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочулар тарабынан ылдамдыкты олуттуу ашыруу фактылары катталган. Маселен, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Бообек айылындагы тилкеде айдоочулар ылдамдыкты ашырып айдап жатышканы аныкталды:

  • калктуу конуштарда унаанын максималдуу ылдамдыгы — 60 км/саат;
  • калктуу конуштардан тышкары — 90 км/саат.

Бир жумалык рейддин жыйынтыгы:

Жалпысынан 28 255 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:

  • 3 159 — тиешелүү документтери жок унаа башкаруу;
  • 3 105 — белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
  • 2 266 — жөө жүргүнчүлөр тарабынан жасалган эреже бузуулар;
  • 560 — мас абалында унаа башкаруу;
  • 185 — терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу;
  • 10 804 — башка эреже бузуулар.

Рейддин алкагында 4 320 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короосуна токтотулду.

Количество просмотров: 110