Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 20-майда «Элет Көйгөйү» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү «Коопсуз шаардын» алкагында салынган айып пулдардын баасын төмөндөтүп берүүнү суранышты.
Коомдук бирикменин өкүлү Марипа Алыйкулованын айтымында жол эрежесин бузган айдоочуларга каралган айыптын баасы эл менен макулдашылбай жана жашоо деңгээлин да эске алынбай коюлган.
«Элет Көйгөйү» коомдук бирикмеси депутаттарга кайрылышып, маселе элдин пайдасына чечилет деген үмүтүн билдиришти.
Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын февраль айынан тартып ишке кирип баштап азыркы учурда Бишкектин көчөлөрүнүн 38 кесилишинде камералар коюлган. Айта кетсек, эгер айдоочу салынган айыпты 15 күн ичинде төлөгөнгө жетишсе, штафтын 50 пайызын гана төлөйт.