• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Айдоочулар жогорку айыптарга каршы Бишкекте акция өткөрүшөт

20 Бугу 201918:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

Бишкекте айдоочулар жол эрежесин бузганы үчүн айыптардын өлчөмүн азайтууну талап кылып, флешмоб өткөрүшөт. Бул тууралуу «Элет» коомдук бирикмесинин төрагасы Марипа Алыйкулова бүгүнкү болуп өткөн «Коопсуз шаардын» алкагында жол эрежесин бузууга салынган айыптын өлчөмүн төмөндөтүүнү талап кылып, уюштурулган маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, акция 23-май күнү саат 10.00дө Чүй-Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде башталып Фучик көчөсүндө жыйынтыкталат.

«Унаа айдагандардын катарында карапайым адамдар дагы бар. Айрымдары унаа айдап киреше табат. Жол эрежесин бузганы үчүн салынуучу айыптын өлчөмү көп болууда. Андыктан, өз нанын араң таап жеп жаткан жөнөкөй жарандардын нааразычылыгы күн санап өсүп жатат. Ошондуктан баардык жарандарды жол эрежесин бузгандар үчүн жогорку айыптарды кыскартууга колдоо көрсөтүп, биздин акцияга кошулууга чакырабыз», -деп билдирди Марипа Алыйкулова.

Количество просмотров: 18