• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Айдоочулардын эсине! Боомдо кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрөт

24 Тогуздун айы 2022 17:16 Бишкек Govori.TV

24-октябрынан 28-октябрына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан маалымдайт.

Маалыматка ылайык, иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт.

«Иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМдин жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 74