Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун бир бөлүгү бүгүндөн тарта 25-июлга чейин маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.
Жолдун 94-чакырымынан 104-чакырымына чейинки бөлүгү (Кемин району) түздөлөт. Буга байланыштуу анын бир тилкеси дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин жабык болот. Ал эми жума (түштөн кийин), ишемби жана жекшемби күндөрү жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү, унаа каттамын жеңилдетүү максатында жол толук ачылып турат.