• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

23 Чын куран 202515:03 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 28-апрелден 30-апрелге чейин (аба ырайынын шарттарын эске алуу менен) Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Иштер Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан саат 9:00дөн 15:00гө чейин жол жарым-жартылай жабылгандан кийин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеде жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолуп калганда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.

Мамлекеттик ишкана каттамыңызды унаа менен алдын ала пландап коюуңузду өтүнөт.

Количество просмотров: 277