• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 Айдоочуларга эскертүү! Боомдо кооптуу таштар түшүрүлөт

24 Чын куран 202612:22 Бишкек Govori.TV

 Боомдо кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-апрелден 30-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3886-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Таш түшүрүү иштери аба ырайынын шартына жараша, күндүзгү саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул убакыт аралыгында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан унаа жолу жарым-жартылай жабылат.

Жол кыймылынын тартиби:

  • Таш түшүрүү учурунда унаалар бир тилке менен гана өткөрүлөт.
  • Эгерде жолдо 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таш түшүрүү токтотулуп, унааларга жол ачылат.

Бул иш-чаралар унаа жана темир жол каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.

Количество просмотров: 124