• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Айдоочуларга эскертүү: Айрым унаа жолдорго чектөө кирди

19 Бирдин айы 202412:40 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кар жаап, аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы айрым унаа жолдорго чектөө киргизилгенин эскертет.

Башкармалыктын маалыматына караганда, учурда төмөнкү унаа жолдоруна убактылуу чектөөлөр киргизилди:

  • Каракол – Энгильчик автоунаа жолунун 38-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейинки аралыгына;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда суу кар жаап ар жерден көчкү түшүп жаткандыгына байланыштуу 45 чакырымынан 130 чакырымына чейин жол
    жабык.

Азыркы учурда ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Количество просмотров: 85