Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин берип айдоочулукка окутуу системасындагы реформаны мамлекет үчүн стратегиялык маанидеги кадам экенин айтты.
Өз маегинде президент «айдоочулукка окутуунун 10 айлык окуу мөөнөтүн кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы?» деген суроого жооп берип, төмөнкулөргө токтолгон:
«Бул 10 айлык мөөнөт деле ойдон чыгарыла калган убакыт эмес. Дүйнөлүк стандарттардагы окуу программалары эске алынды. Дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө 1 жылдан кем эмес окутушат экен. Биздин адистер окуу программаларды 10 айга ылайыкташты. Мен деле айтып атам: «Эгер мүмкүн болсо окуу программаларды кысып, мисалы жумасына 3 жолу 2 сааттан эмес, 5 жолу 2 сааттан окутуу жагын карап көргүлө» деп. Тагыраагы, биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин. Эң жакшысы азыр онлайн окуса да болот. Мектепке барбастан үйдө олтуруп алып эле онлайн сабакка катышса болот. Ансыз деле баарыбыз суткалап интернетте олтурабыз. Күнүгө 2 саат убактыбызды сабакка бөлүп койбойлубу? 10 ай тез эле өтөт. Эгер, кокус эле 5-6 айда эле окуучулар даяр болуп, экзаменден шыр өтүп кетип атышса, мына ошондо мөөнөтүн кыскартууну карап көрсөк болот. Бирок окуучу даяр болушу кыйын. 3,5 ай окуп экзаменден өтпөй жаткандардын саны 90 пайызга чыкты. Бул сан эми мындан ары дагы көбөйүшү мүмкүн. Анткени кечээ жакында «Жасалма интеллект» системасын киргиздик. Робот экзамен ала баштады. Эми мындан ары адам фактору аралашпайт. Мурда 3 ай окуп экзаменден өтүп аткан 10 пайыздын арасында анча-мынча инструкторлор жардам берип өткөрүп жибергендер дагы болушу мүмкүн? Ошондуктан сөзүмдүн аягында дагы бир жолу жалпы элге кайрылам:
Окутуу программасында жол эрежелерин эле үйрөтүү эмес, айдоочулук этикага дагы окутуу бар. Сиздерге канчалык кыйын болсо дагы келечек үчүн кам көрүп жаткан иштерибизди колдоп бериңиздер».