Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда, Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча пикир алмашышты. Садыр Жапаров өткөн жылдын декабрь айында Исламабад шаарына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн сүйлөшүүлөрдү эске салып, ал жолугушуулар кыргыз-пакистан мамилелеринде жаңы барак ачканын белгиледи.
«Бүгүнкү жолугушуубуз кызматташтыгыбызга жаңы мазмун берип, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды сапаттуу деңгээлге чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү үчүн бизнес-форумдарды жана B2B жолугушууларды байма-бай өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан халал-индустрия, айыл чарба, логистика, туризм жана энергетика тармактарындагы долбоорлорду Пакистан менен биргеликте илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.
Өз кезегинде Асиф Али Зардари эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып, Президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп ийгиликтүү шайланышы менен куттуктады.
«Географиялык жакындык жана континенттеги жалпы тарыхый мурас эки элди жакындатып келген. Бүгүнкү күндө өнөктөштүгүбүздү чыңдоого жана тереңдетүүгө эч кандай тоскоолдук жок», — деди Пакистандын президенти.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө өзөк боло турган жана соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүнүн негизги багыттарын аныктаган Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.