• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айэркен Саимаитинин өлтүрүлгөнү тууралуу «Үмүт 2020» билдирүү жасады

12 Жетинин айы 2019 12:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы «Үмүт 2020» кыймылы Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү таратып, бул ишти дыкат иликтеп чыгууну айтып кайрылуу кылышты.

https://www.facebook.com/YMYT2020/videos/515312835688956/

Ширин Айтматова бул кайрылууда Айэркен Саймаитинин өлүмүнө кимдер кызыктар экенин табуу керектигин айтып, бул иш кылдат иликтенип чыгат деген ишеничин билдирген.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна ишкер Айэркен Саимаити өлтүрүлгөн жерден табылган унаа боюнча билдирме жөнөттү. Азырынча жооп келе элек. Бул тууралуу ТИМдин Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Түркиянын Стамбул шаарында куралдуу кол салуунун кесепетинен ишкер Айэркен Саимаити каза болду. Окуя ал кечээ, 10-ноябрда саат 23:40та (Бишкек убактысы) мейманкананын кафесинде отурганда болгон.

Жергиликтүү басылмалар жарыялаган видеодон тергөөчүлөр 34 CC 2092 номуру (ак менен жазылган текст жашыл фондо) тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унааны сүрөткө тартып жатышканын көрүүгө болот. Мындай номурлар консулдук болуп эсептелинет. Тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин унаа эвакуацияланды.

Количество просмотров: 2064