• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айфон алып берем деп 126 миң доллар алдап кеткен шылуун

4 Бештин айы 202415:16 Бишкек Govori.TV

Kaktus.media сайтынын жазганына караганда, У.Т. деген неме кыздардан 126 миң долларды алып алдап кеткен. Ал iPhone 16 Pro Max сатып берем деп кыздарды бал тилге салган.

Кыздардын бири тиги шылуунга 55 миң доллар, экинчиси 65 миң доллар берген. У.Т. болсо ана айфон, мына келет деп алдап отуруп акыры дайынсыз кеткен.

Ошондо кыздар милицияга кайрылышкан. Көрсө, бул шылуун көп элден карыз акча алып, бириники менен экинчисин жаап жүргөн экен.

Бишкектин Ленин РИИБине кыздардын бири 26-ноябрда арыз жазган. Бул факты тиешелүү жерге катталып, алдамчылык боюнча иш козголгон. Милиция кызматкерлери 2000-жылы туулган У.Т. аттуу жаранды кылтакка түшүрүшкөн.

Ал соттун чечими менен эки айга абакка камакка алынган.

Милиция кызматкерлери У.Т. ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга тиешеси болушу ыктымал дешет.

Количество просмотров: 171