• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айгүл Айдарова Бишкекте убактылуу жашап жаткан баткендиктерден кабар алды

23 Үчтүн айы 2023 14:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кенештин депутаты Айгүл Айдарова Бишкекте убактылуу жашап жаткан баткендиктерден кабар алды. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Эл өкүлү Айгүл Айдарованын демилгеси менен Баткен коогалаңынан келген 28 үй-бүлө Бишкек шаарындагы №3 кесиптик лицейинин жатаканасына убактылуу жайгаштырылан болчу. Учурда 28 үй-бүлөдө 36 сы жаш балдар 80 улуу жарандар түзөт.

Депутат Айгүл Айдарова бүгүн, 23-январь күнү мында жашап жаткандардан кабар алып, балдар үчүн оюнчук, жылуу килемдерди ала барды.

“Кескин суук болуп кеткендиктен, абалыныздарды билүү үчүн кабар алып келдим. Буюрса алдыда жакшы күндөрдөн үмүт үзбөйлү, мындан ары жаман окуялар кайталанбасын”- деди эл өкүлү тургундар менен учурашууда.

Кабар алып барган депутатка баткендиктер ыраазычылыгын билдиришти.

Количество просмотров: 371